2010-жылдары Кыргызстандын даректүү киносу өнүгүүнүн жана тутумдашуунун жаңы баскычына кадам таштады. Кыргыз кинематографисттеринин тобу ата мекендик кинону өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгып, тасма талаасына жаңы ысымдарды алып келүү максатында окуу курстарын ачышкан.
Бул жылдары кыска метраждуу формат Кыргызстандын "социомаданий брендине" айланып, каражаттын тартыштыгына карабай, дал ушул кыска метраждуу тасмалар эл аралык деңгээлде өлкөнүн жүзүн таанытып, дүйнөлүк деңгээлде жогору баалана баштады. Бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири – 2010-жылы КМШ, Балтия өлкөлөрүн жана Грузияны камтыган
"Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" (КСКФ) эл аралык кинофестивалынын негизделиши болду.
Кино тармагын системага келтирүү жана өнүктүрүү максатында 2012-жылы
Кинематография департаменти түзүлгөн. Бул мекеменин негизги максаты – бул тармакты бир нукка салуу, багыттоо жана мамлекеттик көмөк көрсөтүү болчу. Натыйжада материалдык-техникалык база чыңдалып, жеке киностудиялардын саны өстү, атаандаштык күчөп, тасма тартуу жана аны иштеп чыгуу (монтаждоо, үн коштоо, түс берүү) өнөрү заманбапташты.
Ошону менен бирге, убагында техникалык базанын жана адистердин жетишсиздигинен улам театр режиссерлорун гана даярдап келген Искусство институтунун телекөрсөтүү жана кино факультети кайрадан жанданды. Борбордук Азиядагы Америка университетинде (БААУ) Телекөрсөтүү, кино жана медиа искусство департаменти ачылып, ал жерге кыргыз киносунун устаттары менен "Манас" университетинин бүтүрүүчүлөрү иштөөгө тартылды. Муну менен катар Кинематография департаменти кыска метражду долбоорлорго арналган сынактарды өткөрүп, "Кыргызфильм" киностудиясынын базасында бир катар кыска метраждуу тасмалар жарык көрө баштады.
Киномектептер адистерин даярдап, жылына ондогон кыска метраждуу даректүү тасмалар тартыла баштаган. Өлкөнүн булуң-бурчунан келген студенттердин бул эмгектери шаар жана айыл турмушунун өзгөчө тарыхый хроникасына айланды. Бирок, совет доорунан айырмаланып, бул тасмалар негизинен фестиваль программаларында көрсөтүлүп, ал эми калың көрүүчүлөрдү камтуу жагынан телекөрсөтүүдөгү даректүү кино алдыга чыкты.
Жаңы муун менен бирге Ракыя Шаршенова, Артыкпай Сүйүндүков, Талип Ибраимов, Марат Сарулу, Темир Бирназаров өңдүү устаттар ишин улантышты. Ошондой эле 2013-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан жана ошол учурда
"Үмүт" КМШ өлкөлөрүнүн жаш киносунун форуму даректүү кинодогу жаңы ысымдардын тушоосун кесип келет.
2010–2020-жылдар аралыгы кыргыз даректүү киносунда салттуу, бир беткей баяндоодон баш тарткан жана терең гуманисттик көз карашка сугарылган жаңы, кубаттуу толкундун калыптанышы менен эсте калды. Бул он жылдыктын режиссерлору өз өзгөчөлүгүн, диаспора маселесин жана курч социалдык көйгөйлөрдү жигердүү козгоп, эл аралык деңгээлге чыгуу үчүн көбүнчө фестиваль форматын колдонушкан.
Заманбап кыргыз даректүү киносунда
Асел Жураеванын чыгармачылык кол тамгасы өзгөчө орунга ээ. 2010-жылдардын башында ал салттуу баяндоодон жана кадр артындагы диктордук тексттен баш тартып, өзүнүн өзгөчө стилин тартуулаган.
Режиссер
"Меккеге жол" (2011),
"Бешик" (2010),
"Чек ара" жана
"Чырак" (2016) сыяктуу тасмаларында каармандардын түз күбөлүгү аркылуу же таптакыр эле сөзсүз, кадрдагы кыймыл-аракет менен гана кадимки калыптардан тышкары, гуманисттик көз карашты чагылдырат. Анын тасмаларынын башкы өзгөчөлүгү – турмуштун өөн учураган кырдаалдарына жана анын кыйынчылыктарына тик карап жеңе билген күчтүү инсандардын тагдырына басым жасаганында.
Ошол эле учурда, 2010-жылдардын экинчи жарымында журналистикадан киного келген
Жаңыл Жусупжан даректүү кинодо өзүн жигердүү көрсөтө алды. Анын чыгармачылыгы өлкө сыртында (Тажикстан, Ооганстан) жашаган этникалык кыргыздардын жашоосун, өзгөчөлүгүн жана тамырын изилдөөгө багытталган. Жаңыл Жусупжан жалпы элдин тарыхын жеке окуя жана адамдын ички сезимдери аркылуу ачып берген.
Бул анын
"Каратегинден кат" ("Письма из Памира", 2016) тасмасында ачык көрүнөт. Тажикстандагы кыргыздардын турмушуна арналган бул эмгек режиссёрдун өз уулуна жазган каты катары курулуп, автордун жеке сагынычын бүтүндөй бир элдин эс-тутумунун үнүнө айланткан.
Муну менен катар, бул кезеңдин башында, тактап айтканда 2010-жылы
Нурбек Эген "Манастын төрөлүшү – алдын ала сезүү" ("Рождение Манаса как предчувствие") аттуу толук метраждуу даректүү тасмасын тартып, кыргыз даректүү киносу үчүн маанилүү болгон маданий-тарыхый жана улуттук-эпикалык темага кайрылган.
Башка бир режиссёр
Аманбек Ажыматтын дебюттук
"Физрук, алтын жана дарыя" (2014) тасмасы карапайым элдин көйгөйүн ачык жана түз чагылдырганы үчүн эл аралык фестивалдарда башкы байгелерге татып, ушул багыттагы кинолордун эң таанымал үлгүсүнө айланды.
Ушундай эле теманы
Чыңгыз Нарынов да өзүнүн "Темир нан" ("Металлический хлеб", 2014) тасмасында изилдеген. Күн көрүү үчүн темир-терсек өткөрүүгө мажбур болгон пенсионер аял тууралуу баяндаган бул эмгек Амстердамдагы абройлуу IDFA фестивалында жогору бааланган.
Алар менен катар
Адилет Каржоев (учурда БААУнун кино департаментинин деканы) академиялык ишмердүүлүктү режиссерлук менен айкалыштырып, татаал турмуштук шарттарды терең изилдеген жана байгелүү орундарды ээлеген тасмаларды жаратып келет (мисалы, "Рахмат, доктор!", 2015; "Кара вагон", 2021).
Ошентип, 2010-жылдардагы кыргыз даректүү киносу терең жеке издөөлөрдү социалдык-этникалык изилдөөлөр менен ийгиликтүү айкалыштыра алган, толуп-ташкан, өзүнө сырттан баа бере билген жетилген багыт катары өзүн көрсөтө алды.