Окуялар Bishdoclab Окуялар Bishdoclab
Bishkek Documentary Laboratory (BishDocLab) 2025 катышуучуларынын ийгилик баяндары.

Тынымгүл Эшиева, Алина Байтокова жана Назгүл Өмүржанованын кинодогу жетишкендиктери
2025-жылы режиссёр Назгүл Өмүржанова BishDocLab'га өзүнүн “Суубашы” деген даректүү тасмасынын идеясы менен келген. Болгону бир жылдан кийин долбоор активдүү өндүрүш баскычына өтүп, эл аралык аренада ишенимдүү өнүгүп жатат.

Бул убакыт аралыгында Назгүл биздин лабораториянын колдоосу менен Алматыдагы DomDoc даректүү кино резиденциясына катышып, андан соң долбоорун Канададагы эл аралык Banff Pitch питчингинде сунуштаган.

Ал жерден долбоор 10 000 канадалык доллар өлчөмүндөгү грантка ээ болгон.

Долбоордун ийгиликтери муну менен эле чектелген жок. Тасма ошондой эле “Башат” фондунан каржылык колдоо алып, анын аркасында толук кандуу даярдык мезгилин өткөрүүгө жана даректүү кинонун жана питчингдердин эл аралык стандарттарына жооп берген сапаттуу тизерди даярдоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ушул жолдун бардык этаптарында BishDocLab'дын менторлор командасы долбоорду коштоп, анын эл аралык досьесин – логлайнын, синопсисин, тритментин, режиссёрдук көз карашын жана визуалдык концепциясын толуктап, күчөтүүгө жардам берип келди.

2026-жылдын июнь айында Назгүл “Суубашы” долбоорун EurasiaDoc эл аралык питчингинде сунуштады.

*************

BishDocLab'дын дагы бир дем берүүчү ийгилик тарыхы – режиссёр Алина Байтокованын “Саптан сапка” аттуу даректүү тасма долбоору.

“Суубашы” сыяктуу эле, бул тасма учурда активдүү өндүрүш баскычында жана акыркы бир жыл ичинде эл аралык аренадагы позициясын кыйла бекемдеди.

2026-жылдын март айында Алина долбоорун Европадагы даректүү кино индустриясынын эң ири аянтчаларынын бири – East Doc Platform'да сунуштады.

Дал ошол жерде долбоорго эл аралык өнөктөштөр кошулуп, натыйжада күчтүү продюсерлер командасы түзүлдү: жергиликтүү продюсер Адилет Каржоев, ошондой эле Марианна Каат (Эстония) жана Кристиан Поп (Франция).

East Doc Platform'га катышуу долбоор үчүн маанилүү этаптардын бири болду. Жаңы эл аралык өнөктөштөрдөн тышкары, “Саптан сапка” Sheffield DocFest'тин атайын сыйлыгына – дүйнөдөгү эң ири даректүү кино форумдарынын жана питчингдеринин бирине катышууга чакырууга ээ болду. Долбоор ошондой эле Central Asian Studies Institute жана ArtDocFest тарабынан каржылык колдоого ээ болду.

Бул командага тартуу иштерин улантууга жана тасманы андан ары өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Долбоордун үстүндө иш жүрүп жаткан бардык мезгилде BishDocLab тасманын командасын коштоп, эл аралык досьени өркүндөтүүгө, долбоордун драматургиясын күчөтүүгө жана эл аралык питчингдер менен фонддорго сунуштала турган материалдарды даярдоого жардам берип келди.

BishDocLab'да жаралган долбоорлор эл аралык даректүү кино коомчулугунун бир бөлүгүнө айланып, чет өлкөлүк өнөктөштөрдү таап, дүйнөлүк экрандарга карай жолун ишенимдүү улантып жатканын көрүү биз үчүн чоң кубаныч.

*************

2025-жылы режиссёр Тынымгүл Эшиева "Мөңгүлөрдүн үнү" деген даректүү тасма идеясы менен BishDocLab’га келген. Лабораторияда долбоор өнүгүүгө, менторлор менен иштөөгө жана окуясын, келечектеги стратегиясын тактоого мүмкүнчүлүк алган.

Бүгүнкү күндө долбоор активдүү өнүгүүнү улантууда. 2026-жылы "Мөңгүлөрдүн үнү" Индонезия-дагы эл аралык Docs by the Sea программасынын Producing Lab сынагынан өтүп, ал жерде Тынымгүл тасманын өндүрүштүк стратегиясы жана эл аралык өнөктөштөрдү издөө боюнча ишин улантат.

Буга чейин режиссёр Канадада өткөн Moonlighter Film Camp: Field Skills программасына да катышкан – бул даректүү кино жана жаратылыш чөйрөсүндө тартуу менен алектенген аял кинорежиссерлор үчүн эл аралык программа. Программа тоолордо иштөө үчүн жаңы практикалык көндүмдөрдү жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген режиссёрлор жана операторлор менен кесиптик байланыштарды алууга жардам берген.

Дагы бир маанилүү этап болуп Франциянын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан тасмага көрсөтүлгөн каржылык колдоо саналат.

BishDocLab командасы Тынымгүлдүн ийгиликтерине жана идеядан башталып, акырындык менен толук кандуу тасмага айланып, эл аралык аянтчаларга чыгып, жаңы өнөктөштөрдү таап жаткан долбоорго сыймыктанат.
Bishkek Documentary Lab (BishDocLab) долбооруна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды!
BishDocLab – бул кыргызстандык режиссёрлор үчүн жанрдын таанымал чеберлеринин жетекчилиги астында биринчи же экинчи толук метраждуу даректүү тасмасын өркүндөтүүгө арналган уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Алты айлык акысыз программа офлайн окутуу, андан ары жеке насаатчылык, жана эл аралык эксперттердин лекцияларын жана питчинг иш чараларын камтыйт.

Маанилүү шарттар:
🔹 Кыргызстандык, 18 жаштан жогору жана кино жаатында тажрыйбасы бар режиссёрлор катыша алат
🔹 Толук метраждуу креативдүү даректүү тасмалар гана кабыл алынат
🔹 Тандоо критерийлери: идеянын оригиналдуулугу, автордук мамиле, күчтүү визуалдык стиль

Долбоордук арыздын шаблонун жүктөп алып, форманы толтуруп, даректүү кино жаратуучулардын коомчулугуна кошулуңуз!

❗Арыздарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 2026-жылдын 27-июлу, саат 23:00.

Бул жылы долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин колдоосу менен ишке ашырылууда.
Кыргызстанда жаш даректүү тасма режиссёрлору үчүн интенсив аяктады
Жаш даректүү тасма авторлору үчүн уюштурулган алты күндүк өндүрүштүк интенсив 2025-жылдын 7-12-август күндөрү ololoAkJol резортунда болуп өттү.

Бул программа Президенттин Кыргызстандын улуттук киноиндустриясын өнүктүрүү боюнча 2022-жылдын 20-майындагы №159 жарлыгындагы 2-3-беренелериндеги тапшырмаларын аткаруу максатында, «Кыргызфильм» улуттук киностудисынын каржылык колдоосу менен Бишкек даректүү тасмачылар лабораториясы тарабынан ишке ашырылды.

Алгачкы интенсивге конкурстук тандоонун негизинде тогуз жаш документалист катышты. Комиссия лабораториянын эл аралык устаттарынан, «Кыргызфильм» киностудиясынын жана лабораториянын командасынан куралган. Тажрыйбалуу чет өлкөлүк устаттардын жетекчилиги астында катышуучулар өз долбоорлорун иштеп чыгып, аларды эл аралык аянтка чыгарууга даярдашты.

Программанын максаты режиссерлорго теориялык билим жана, атаандаштыкка жөндөмдүү тасмаларды жаратуу үчүн практикалык көндүмдөрдү да үйрөтүү болуп саналат.

Программанын эл аралык устаттары:

  • Марианна Каат (Эстония) — 20 жылдан ашуун тажрыйбасы бар, көп сыйлыктарга ээ болгон режиссёр жана продюсер. Baltic Film Production компаниясынын негиздөөчүсү, Таллинн университетинин доценти жана Doc@PÖFF программасынын куратору. “Life of Ivanna”, “Close Relations”, “Pit No 8” сыяктуу тасмалары дүйнөлүк фестивалдарда сыйлыктарга татыган. Charles E. Guggenheim Emerging Artist Award жана European Trailblazer (MIPDOC Cannes) наамдарынын ээси.

  • Катерина Суворова (Казакстан) — Борбор Азиядагы экологиялык жана маданий өзгөрүүлөрдү изилдеген социалдык маанилүү тасмалардын автору. “Sea Tomorrow” (Арал деңизи жөнүндө) Netflix Europe платформасында көрсөтүлгөн, “Face The Music” Казакстанда кеңири прокатка чыккан. “Qoryqpa: Streets Loud With Echoes” фильми 2024-жылы Hot Docs фестивалында көрсөтүлгөн. Tihiy Svet ательесинин негиздөөчүсү жана QAZDOC биргелешүү уюмунун тең-куруучусу.

  • Аскольд Куров — даректүү тасма режиссеру жана продюсери, Un/Filmed онлайн-кино мектебинде окутуучу, Америкалык телеберүү академиясынын мүчөсү, Берлинале жана Сандэнс сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги абройлуу кинофестивалдарына катышкат долбоорлорду жетектеген. Анын тажрыйбасы даректүү тасма тартуунун бардык аспектилерин камтыйт: изилдөөдөн жана алдын ала даярдыктан тартып, пост-продакшнга жана дистрибуцияга чейин.

Bishkek Documentary Lab жаш авторлорго эл аралык стандарттарды үйрөтүп, киноиндустриядагы кесипкөйлөр менен байланыш түзүүгө жардам берет. Кийинки этабында а катышуучулар алты айлык устаттык программага өтүшөт. Алар ай сайын кеңеш алып, долбоорлорун тизер менен коштолгон инвестициялык пакетке чейин жеткиришет.

«Биз Кыргызстанда дүйнө менен бир тилде сүйлөөгө даяр жаңы муундагы даректүү тасма авторлорунун пайда болуп жатканын көрүп турабыз. Бул интенсив — жөн гана тартуу жана монтаж жөнүндө эмес, бул өзүнө ишенүү, байланыштар жана эл аралык аренада өзүңдү таанытуу мүмкүнчүлүгү тууралуу», — деди Bishkek Documentary Lab’дын жетекчиси Адилет Каржоев.

Проект “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын каржылык колдоосу жана Борбор Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) өнөктөштүгү менен ишке ашууда.

Байланыш үчүн:
Адилет Каржоев, Лаборатория жетекчиси
📞 +996 551 500 111
✉️ bishdoclab@gmail.com
IG: https://www.instagram.com/bishdoclab/
https://www.instagram.com/adilet_karzhoev/

Bishkek Documentary Lab (BishDocLab) долбооруна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды

BishDocLab – бул кыргызстандык режиссёрлор үчүн жанрдын таанымал чеберлеринин жетекчилиги астында биринчи же экинчи толук метраждуу даректүү тасмасын өркүндөтүүгө арналган уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Алты айлык акысыз программа Ысык-Көлдөгү интенсивди, жеке насаатчылыкты, эл аралык эксперттердин лекцияларын жана Бишкекте презентацияны камтыйт.

Маанилүү шарттар:
🔹 Кыргызстандан келген, 18 жаштан жогору жана кино жаатында тажрыйбасы бар режиссёрлор катыша алат
🔹 Толук метраждуу креативдүү даректүү тасмалар гана кабыл алынат
🔹 Тандоо критерийлери: идеянын оригиналдуулугу, автордук мамиле, күчтүү визуалдык стиль

Долбоордук арыздын шаблонун жүктөп алып, форманы толтуруп, даректүү кино жаратуучулардын коомчулугуна кошулуңуз!

❗Арыздарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 2025-жылдын 10-июлу.

Уюштуруучулар: BishDocLab, "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы, АУЦА
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website